Пример HTML-страницы

Видео — Кара-Сууда жер алдынан тарыхый табылганы алып чыгышты

Акыркы жанылыктар

TurmushМындан бир жума мурун Кара-Суу районунун Озгур айылындагы Даңги суусунун жээгинен жергиликтүү тургун Медербек Аккулов мал айдап жүрүп, жер астынан кумура көрүп калган. Жааган жамгырдан улам жер бир аз сүрүлүп, кумура көрүнгөндүктөн өз алдынча казып көргөн.

Жерине музей директорунун милдетин аткаруучу Х.Ибайдуллаев, ОшМУнун Кыргызстан тарыхы жана археология, этнология кафедрасынын башчысы Талант Шаанов жана Тавакал Усманов чогуу барышып, кумураны көрүп келишти.

Кумуранын бийиктиги 1,20-1,30 см, диаметри 80-85 см. Табылганын сырты тегиз, жасалган эмес. Айланасынан да кумуранын калдыктары чыккандыктан ал жер устакана болушу мүмкүн деп болжолдонууда. Ошондой эле ал кумурага дан же суу сакталышы мүмкүн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE