Пример HTML-страницы

Видео — Ак-Талаада бир учурда 3 адам жан берди. Алар отурган унаа экиге бөлүнүп калган

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов—Кош-Дөбө унаа жолунда катталган жол кырсыктан 3 адам каза болду.

Аймактык кабарчы билдиргендей, 23-июлда болжол менен саат 17:00 чамасында Кара-Бүргөн айыл аймагында «Хонда Одиссей» менен «Дэу Нексия» кагышып, анын кесепетинен «Дэу Нексия» унаасындагы 1 эркек киши, 1 келин, 1 жаш бала окуя болгон жерден каза болгон. Мындан тышкары, ушул эле унаадагы бир адам оор абалда Ак-Талаа райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

Такталган маалыматтарга таянсак, «Дэу Нексия» үлгүсүндөгү жүргүнчүлөр Нарын районунун Эмгек-Талаа айылынын жашоочулары болгон. Ал эми «Хонда Одиссей» унаасындагы жүргүнчүлөр Ак-Талаа районунун Коңорчок айылынын тургундары болгон. Алар дагы ооруканага ар кандай жаракаттар менен жеткирилген.

Ак-Талаадагы хирургия бөлүмүнүн хирургу Жылдызбек Мурзабек уулу жаракат алгандардын баш мээси чайкалгандыгын айтты.

«Кечээ болгон жол кырсыгынан улам учурда хирургия бөлүмүндө 4 адам жатат. Алардын биринин буту сынып кеткен, үчөөнүн баш мээси чайкалган. Абалдары жакшы. Булардан тышкары бир адам эс-учун жоготкон абалда келип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Учурда өзүнө келип калды деп жатышат», — деди хирург.

Видеодон талкаланган унааларды көрүүгө болот. Аларды бири экиге бөлүнүп калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE