Пример HTML-страницы

Turmush: Сүрөт: Камчыбек Ташиев Тажикстанга барды

Акыркы жанылыктар

TurmushМинистрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жетектеген Кыргызстандын делегациясы Тажикстанга барды.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, 2023-жылдын 16-октябрында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун тапшырмасы менен Бустон (Тажикстан) шаарында өкмөттөр аралык делегациянын кезектеги жолугушуусу өттү. Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык делегацияны Кыргызстандан Камчыбек Ташиев, Тажикстандан Саймумин Ятимов жетектейт.

Жолугушуунун жүрүшүндө делегациялардын башчылары кыргыз-тажик чек арасынын калган бөлүгүндө долбоордук линияны чийүү боюнча макулдашуулардын аткарылып жатканына канааттанып жатышканын белгилешти.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык делегациянын топографиялык жана укуктук маселер боюнча жумушчу тобуна жумуштарды активдештирүү тапшырылды.

Делегациянын жетекчилери бардык жумуштарды ишке ашырууда жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процессин тездетүүдө 2023-жылдын 2-октбрында кол коюлган №44 протоколдун маанисин дагы бир ирет белгилеп, анын бардык жоболорун дыкат аткарууга даяр экенин билдиришти.

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү.

Буга чейин Кыргызстандын Министрлер кабинети Кыргызстан менен Тажикстан чек аранын 43,32 чакырым тилкесин макулдашканын билдирген.

3-октябрдан 8-октябрга чейин Баткен облусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелери боюнча топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жыйыны өткөн.

Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 43,32 чакырым тилкесин макулдашты. Тараптар Тажикстан Республикасынын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактарды тактоо боюнча ишти улантышат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлган.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын узундугу 972 чакырымга жакын.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE