Пример HTML-страницы

Turmush: Чоң-Алайдагы 3 адамдын өмүрүн алган жол кырсык: Милициянын билдирүүсү

Акыркы жанылыктар

TurmushОш—Сары-Таш—Карамык унаа жолунун 66-чакырымында үч адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча техникалык экспертиза дайындалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Анын айтымында, тергөө экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин ага таянып, кырсыктын себептерин аныктайт.

Кечээ, 26-майда Чоң-Алай районунун Каздын тумшугу аймагында унаа кырсык катталып, 3 адамдын өмүрү кыйылганын ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош—Сары-Таш—Кара-Мык унаа жолунун 66-чакырымында оор жүк ташуучу «Вольво» үлгүсүндөгү унаанын чиркегичиндеги контейнер карама-каршы тилкеде келе жаткан «Хундай Портер» үлгүсүндөгү унаанын кабинасына түшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 2 жаш бала — 2016-жылы туулган А.А. ошол жерде, 2018-жылы туулган А.Б. тез жардам кызматынын унаасында каза болгон. Ага катар эле 1986-жылы туулган Ж.У. (эркек киши) каза болуп, 1993-жылы туулган Н.Э. (эркек киши) жабыркаган.

Ал жерге 4 куткаруучу барып, адамдарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE