Пример HTML-страницы

Turmush: Арык казып иштеп жатканымды көргөндөр таң калышат,

Акыркы жанылыктар

TurmushАк-Суу районунун суу пайдалануучулар ассоциациясынын жетекчиси Назира Бейшебаева бул тармакта 19 жылдан бери эмгектенет. Ал өзүнүн аткарган жумушу тууралуу аймактык кабарчыга айтып берди.

«Мен Ак-Суу районунунун Ак-Чий айылында туулгам. Мектепти аяктаган соң К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин химия жана биология адистигин окуп, мугали кесибине ээ болдум. Андан соң айыл чарба институтуна тапшырып, инженер-гидротехник адистигин алдым. Эмгек жолумду Ысык-Көл суу пайдалануучулар мекемесинде адис болуп иштөөдөн баштадым. Учурда башкы адис, координатор жана жетекчинин орун басары болуп иштеп келем. Ишибиз кызыктуу, көнүп да калдым», — деди ал.

Анын айтымында, мырзалардан кем калышпай иш жүргүзүп келет.

«Мырзалар менен иштеп көндүм. Арык тазалаганы, суу бөлүштүргөнү жана сугат иштерин көрүү үчүн барам. Арык казып жатканымды көргөндөр суктанышат. Айрымдары таң калышат. Мен үчун кадимки жумуш. Район айыл чарбасы менен жан багып келгендиктен сугаттын өз учурунда берилүүсү эгиндин чыгуусуна жана түшүмдүн мол болуусуна чоң өбөлгө түзөт. Суу тартыштыгын алдын алуу үчүн чачыратып сугаруучу 8 аппарат алганбыз. Аны менен 3000 гектар кайрак жер өздөштүрүлөт. Ошондой эле райондогу 36 миң гектардан ашык сугат суу жерине сууну жеткирүү үчүн 13 суу пайдалануучулар ассоциясынын кызматы иштеп жатат», — деди ал.

Каарманыбыз өз ишинен эргүү аларын кошумчалап кетти.

«Жумушубуз татаал жана кызыктуу деп айтсам болот. Анткени күндүз каналдарга барып, суунун келишин жана талаага жетип жатышын текшеребиз. Ошондой эле бир каналдан 2-3 айыл суу алат. График түзүп, суу бөлуштүрөбүз. Анын аткарылышын да көзөмөлдөйбүз. Суунун келиши да аба ырайына байланыштуу болот. Бул жылы май айы суук болуп, мөңгү ээрибей суу аздан келип баштаган. Учурда арыктарда суу жетиштүү. Кызматыбызга эл ыраазы болуп, аткарган ишибизди алкап турса, иштен эргүү алам», — деди ал.

Н.Бейшебаева 4 баланын энеси. Жумушундагы жетишкендиктери үчүн ведомстволук жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн сыйлыктарына татыган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE