Пример HTML-страницы

Токтогулда баңгизат соодасына аралашкан шектүү колго түштү

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Токтогул районунда баңгизат саткан шектүү колго түшүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 22-февраль күнү Жалал-Абад ОИИБдин баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкери тарабынан Токтогул районунда К. аттуу жаран баңгизат сатып жана сактап жүргөндүгү боюнча маалымат алган. Бул боюнча тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, кылмыштын бетин ачуу боюнча иш-мерчемдер түзүлүп, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлө баштаган.

«Аталган кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында иш боюнча шарттуу сатып алуучу катары катышып жаткан «Жора» каймана аттуу конфидент Токтогул районунун аймагынан Токо аттуу жарандан алгач 2000 сомго 77 гр, андан кийин 3-апрель күнү 3000 сомго 80 гр гашиш алган. 7-апрель күнү ошол эле Токо аттуу жаран «Жорага» 21000 сомго180 гр гашиш баңгизатын саткан жана алынган баңгизат тергөөгө өткөрүлүп берилген. Ал эми ыкчам ишердин жыйынтыгында 14-апрель күнү Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында Токо «Жорага» төртүнчү ирет 40 000 сомго 2 кг 200 гр гашиш баңгизатын сатып жаткан жеринен кармалды. Токо аттуу жаран Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын тургуну – 1976-жылы тулуган К.Т. экендиги такталды.

17-апрель күнү дайындалган соттук-химиялык экспертизасынын корутундусу менен шектүү К.Т.дан алынган баңгизат 2 кг 536 гр салмактагы гашиш баӊгизаты экендиги аныкталды.

Шектүү К.Т. кылмышты толугу менен мойунуна алды. Жалал-Абад шаардык соту тарабынан баш коргоо чарасы каралып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE