Пример HTML-страницы

Тоңдук Э.Узакова 40 жашында тогузунчу баласын жарыкка алып келди

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылынын 40 жаштагы тургуну Эльза Узакова 9 баланы тарбиялап-өстүрүүдө. Баатыр эне менен аймактык кабарчы маек курду.

«Үй-бүлөдө жалгыз кыз болгондуктан көп балалуу болгум келчү. Өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгон таянар тооң — бир тууганың болгон жакшы да. Кудай тилегимди берип, учурда 9 баланын энеси болуп отурам. Алардын арасында 2017-жылы жарыкка келген эгиз балдарым — Абдумалик менен Мариям да бар. Ысымдарын жолдошум өзү койгон.

Негизи эгиз балдарды көргөндө, «менин да ушундай эгиз балдарым болсо» деп тилеп койчумун. Эгиз балдар бир топ өзгөчөлөнүп сүйкүмдүү көрүнүшөт эмеспи. Ошол эле учурда жолдошумдун бир тууган байке жана эжелери да эгиз. Албетте, баары жараткандын колунда, аны менен катар «тукум кууйт» дегени да ырас өңдөнөт. Жолдошум жалпы 12 бир тууган болгон экен. Кичинекей кезинде эле чарчап калгандары да бар. Учурда 1 байкеси жана 3 эжеси гана калган», — деди ал.

Каарманыбыз эгиз балдары боюнча кененирээк айтып берди.

«Бюмда бар кезде, дарыгер УЗИге жөнөткөн. Ал жактагы медайымдар курсагымдагы түйүлдүктөр эгиз экенин айтышты. Алгач укканда абдан сүйүндүм. Жолдошум жана жакындарыма айтсам, ишене бербегендей болушту. Ай күнүм жетип, биринчи кызым төрөлдү. 5 мүнөттөн кийин уулум ыңаалап жарыкка келди. Эгиздерди толготуп төрөп жатканда өтө деле кыйналган жокмун. Колума алсам, экөө тең мага куюп койгондой окшош экен (күлүп).

Азыркы тапта ар кандай кылык-жоруктары менен бизди кубандырып жаткан чагы. Экөөнүн тең мүнөзү татаал, өздөрүнүкүн бербейт. Кээде оюнчук талашып, бири-бирин тытмалап жиберишет. Ызылдап жатышканынан араң бөлүштүрүп алабыз. Бир карасам, экөө ынтымактуу болуп, жетелешип бара жатышкан болушат. Бир күнү экөөнү аңдып турсам, телефондон музыканы коюшуп укмуш бийлей башташты. Токтоно албай күлүп жиберсем, уялып кетип бийлерин дароо токтотуп коюшту», — деди ал.

Анын айтымында, убакытынын көбү балдарын кароо менен өтөт.

«»Баатыр эне» орденин эгиздерим 1 жашка чыкканда алдым. Балдарымдын аттары — Аяна, Арген, Али, Билал, Раяна, Марьям, Абдумалик, Мадина, Алия. Эң кичүү кызымдын төрөлгөнүнө 40 күн болуп калды.

Жолдошум Таалайбек 1977-жылкы. Бир көзү жакшы көрбөйт. Элдин жерлерин суугарып иштейт. Мен балдар менен үйдө элемин. Майда-чүйдө жумуштар чыгып калса, иштей калам. Күндүз кечке үй жумуштары менен алекмин. Балдарды жуунтам, кир жууйм, тамак жасайм жана башка ушул сыяктуу үй тиричиликтери. Убактым балдарымды кароо менен эле өтөт. Эртең менен 4 балам мектепке барат, 1 балам түштөн кийин окуйт. Мен 4 баламды карап үйдө калам. Келечекте балдарымды окутуп, жакшы бир кесиптин ээси болсо экен деп тилейм», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE