Пример HTML-страницы

Тоңдо мектептерде ачылган жайкы лагерлерде балдар эмне менен алек?

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Тоң районунда мектеп алдындагы жайкы лагерлер иштеп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Учурда райондо 9 мектепте 600дөй бала жайкы лагерге барып жатышат. Алардын бири Тоң районунун Туура-Суу 1 айылында жайгашкан. Айылдагы Калый Тайлаков орто мектебинин директору Гүлзат Карыпбаеванын айтымында, балдарга кызыктуу сакбактар өтүлүүдө.

«Биздин мектепте башталгыч класстар арасында жайкы лагерь уюштурулду. Мектептин ичинде, сыртында боз үй тигип, балдарды боз үйдө ойнотуп жатабыз. Мындан сырткары мугалимдер ар кандай кызыктуу сабактарды өтүп жатышат. Учурда 30 бала катышууда», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE