Пример HTML-страницы

Тоңдо алгачкы жолу айт намаз борбордук аянтта окулду. Сүрөт, видео

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Тоң районунда алгачкы жолу Орозо айт намазы борбордук аянтта окулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Буга чейин айт намаз мечиттерде окулуп келген. Бул жолку айт намазга болжол менен 1000ге жакын адам катышты. Райондун акими Байышбек Астанакулов катышып, тургундарды ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктады.

Андан соң Бөкөнбаев айылынын жаштары тарабынан Орозо айт майрамына карата уюштурулган майрамдык иш-чара болуп өттү. Иш-чарада айыл тургундарына тамак-аш, балмуздак акысыз таратылып, оюн-зоок уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE