Пример HTML-страницы

Тоң районунда комплекстүү машыгуу өткөрүлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushӨзгөчө кырдаал министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын 2022-жылга карата негизги иш-чаралар планына ылайык, райондук машыгуу практикалык түрдө өткөрүлдү.

Иш-чарада Тоң районунун өзгөчө кыррдаал бөлүмү, райондук жарандык коргонуу кызматтары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу менен биргеликте ар кандай мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу иш-чаралары чагылдырылды.

Машыгууда Бөкөнбаев айылында 7 баллга жеткен жер титирөө катталып, жарандык коргонуу кызматтары айгай боюнча саат 7:00дө чакырылып, авариялык калыбына келтирүү түзүмүнүн курамы тизилди. Жабыркаган айыл аймактар боюнча коммиссия иш алып барып, жарандар эвакуацияланды. Куткаруучулар тарабынан өрттөнүп жаткан үйлөр өчүрүлүп, кыйроодо калган жарандарды алып чыгуу ыкмаларын көрсөтүшүп, жабыркаган жарандарды медицина кызматкерлерине өткөрүп беришти. Мындан тышкары жарандык коргонуунун кызматтары өз милдеттерин так аткарышып, машыгууга жалпы 30 жеңил жана оор техника тартылды. Ага 500гө жакын адам катышып, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттери жоюлду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE