Пример HTML-страницы

Таластын Көк-Ой айылында 11 млн сомго күрөш залы курулууда

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас районунун Көк-Ой айылында күрөш залы курулууда. Бул тууралуу Талас регионалдык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынан билдиришти.

«Көк-Ой айылындагы К.Момукулов атындагы орто мектебинин аянтына күрөш залы курулууда. Күрөш залынын тийиштүү архитектуралык уруксат иш кагаздары Талас регионалдык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан даярдалган. Курулушту 2023-жылдын үчүнчү кварталында аяктоо пландалууда. Имарат жабдуулар менен жабдылып, спортчулар үчүн бардык шарттар түзүлөт. Жалпы долбоордун сметалык наркы 11 млн сомду түзөт», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE