Пример HTML-страницы

Талас шаарында Улуу Жеңиш майрамы белгиленип жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 9-май күнү Талас шаарындагы борбордук баатырлар паркында Улуу Жеңиш майрамы белгиленүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чарага президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков, согушка катышып, эрдик көрсөткөн аталардын уул-кыздары катышышты. Согуш учурунда курман болгон жоокерлерге багышталып, Куран окулду. Ошондой эле алардын эстелигине гүлчамбар коюлду.

Улуу Ата Мекендик согушка 365 миң кыргызстандык катышкан, алардын 115 миңи фронттон кайтпай калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE