Пример HTML-страницы

Талас шаарында таң атпай мектепте бара жаткан окуучулар эркек кишинин жансыз денесин табышты

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 14-майдын таңында Талас шаарынын А.Огомбаев көчөсүндө жайгашкан аялдамадан болжол менен 35-40 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга күбөлөр билдиришти.

Алардын айтымында, жансыз денени биринчилерден болуп эртең менен мектепке бара жаткан окуучулар көрүшкөн.

Шаардык милиция окуяны тастыктап, бул боюнча чалуу саат 08:00дө түшкөнүн кабарлашты.

Учурда жеринде тиешелүү иштер жүрүп жатат. Азырынча өлүктүн өздүгү тактала элек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE