Пример HTML-страницы

Түптө май канат сатып жаткан жеринен 3 эркек киши кармалды (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көлдө милиция кызматкерлери мыйзамсыз кармалган балыктарды сатуу учурунда 3 жаранды кармашты. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Жүргүзүлгөн рейддин алкагында Түп РИИБдин милиция кызматкерлери мыйзамсыз кармалган балыктарды сатып жаткан жеринен 3 жаранды кармашты. Алар Түп айылынын тургундары — 42 жаштагы С.У., 34 жаштагы Ж.Э. жана С.Б. болуп чыгышты. Алар райондун борборунда «Хендай» үлгүсүндөгү автоунаасы менен 102 даана май канат (сига) балыгын сатууга аракет кылышкан.

Бул факт Түп РИИБ тарабынан КБРге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесинин (балыкты, же болбосо суу жаныбарларын мыйзамсыз уулоо жана олжолоо) негизинде кылмыш иши козголду.

Жаратылышка келтирилген зыянды аныктоо максатында материалдар жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин региондук башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE