Пример HTML-страницы

Түптө 6 улуттун тили, маданияты, каада-салты даңазаланды.

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Түп районунда 21-февраль — Бүткүл дүйнөлүк эне тилдин Эл аралык күнү белгиленди.

Майрамдык иш-чарага Түп районунун акими Каныбек Адиев баш болгон комиссия кол өнөрчүлүк жана улуттук тамак-аштын көргөзмөсүнө катышты жана эл аралык тил күнү менен куттукташты.

Кайдуев атындагы мектептин жамааты Сары-Дөбө айылынын тургундары менен биргеликте кыргыз элинин тилин, улуттук тамак-ашын, кийимин жана маданиятын көрсөтүштү. Ал эми Түп айылынын А.Карымшаков атындагы орто мектеби орус улутунун, Кудургу айылынын К.Усенбеков атындагы орто мектеби казак улуттунун, Түп айылынын В.Кайкин атындагы жалпы орто билим берүү мектеби өзбек улутунун, Фрунзе айылынын М.Фрунзе атындагы мектеби балгар улутунун, Т.Шевченко атындагы Михайловка мектеби татар улутунун жана Ш.Султанов атындагы Ой-Тал орто мектеби тажик улутунун тилин, маданиятын, каада-салтын даңазалашты.

10 улуттан ашык эл жашаган Фрунзе айылындагы мектептин директору сынактан тышкары 5 улуттун эне тилин даңазалап, өзгөчө баага арзыды.

Акырында калыстар тобу катышкан 7 командага бирдей баа берип, Түп райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамоталарын, ыраазычылык каттарын, айыл өкмөттөр тарабынан даярдалган баалуу белектерди тапшырышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE