Пример HTML-страницы

Сузакта мугалим окуучу кызга эмне үчүн кол көтөргөнү белгилүү болду

Акыркы жанылыктар

TurmushИнтернетке тарап жаткан мугалим окуучуга кол көтөргөн тасма Жалал-Абад облусундагы Сузак районуна караштуу Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектепте сабак мезгилинде тартылган.

Сузак райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Тыныч Үсеновдун айтымында, мектеп директору менен окуянын чоо-жайын тактап жатышат.

«Директордун айтымында, информатика сабагынан сабак берип жаткан учурда тасмадагы окуучу башка окуучуну түртүп жибериптир. Мугалим «сабак өтүп жатсам, басып жатасың» деп ачууга алдырып жибериптир. Биз эртең мектепке барып, жеринде иш жүргүзөбүз. Эгерде окуучунун күнөөсү жок болсо, анда мугалимге Эмгек кодексинин 381-беренеси (педагогикалык кызматкер менен эмгек келишимин бузуу үчүн кошумча негиздер) боюнча чара колдонуусу мүмкүн. Бул берене боюнча мугалим бир жолу окуучуга зомбулук көрсөтсө, эмгек келишими токтотулат. Териштирүүнүн жыйынтыгы менен чечим кабыл алынат», — дейт Т.Усенов.

Райондук мамлекеттик администрациядан алынган маалыматка караганда, бул окуя боюнча милиция териштирүү жүргүзүп жатат.

Сузакта 106 мектеп, 3700дөн ашуун мугалим, 62 миңден ашык окуучу бар.

Окуя информатика сабагынан берген мугалим Э.М. 7-класстын окуучуларына сабак берип жатканда болгон.

Сузак райондук билим берүү бөлүмү тарабынан комиссия түзүлдү. 26-майда комиссия жеринде териштирүү иштерин баштайт, жыйынтыгы менен чара көрүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE