Пример HTML-страницы

Сузакта 600дөй үйдү сел каптап, миңден ашык адам эвакуацияланды. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээги нөшөрлүү жаандан улам Сузак районуна караштуу Барпы, Атабеков айыл аймактарындагы турак жайларга сел суулары кирген.

ӨКМдин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынан алынган маалыматка караганда, Сузак району боюнча 604 турак жайга, 10 соцобъектиге суу кирген. Миңден ашык жаран эвакуацияланган.

Жерине ӨКМден 132 кызматкер, 12 техника тартылган. Ал эми Сузак райондук жарандык коргонуу кызматынан 260 жаран короо жайларды тазалоо жумушун аткарышууда, 30 техника тартылган.

Сел алган айылдагы абал менен президенттин Жалал-Абаддагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, ӨКМдин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын башчысы А.Исаев, эл өкүлү Ж.Токторбаевдер жеринен таанышууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE