Пример HTML-страницы

Суусамырда 2 күндөн бери жааган кардын калыңдыгы 40 сантиметрге жетти

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Суусамыр өрөөнүндө 16-февралдан бери жааган кардын калыңдыгы 35-40 сантиметрге жетти. Бул тууралуу Кызыл-Ой айылынын тургуну Чынарбек уулу Мирлан билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарынан150 чакырымдан алыс аралыкта жайгашкан Суусамыр өрөөнүндө Тунук, Суусамыр, Кожомкул, Биринчи Май жана Кайсар деген айылдар жайгашкан. Анда 8 миңге жакын калк жашайт.

«Кышында сууктун күчү — 50 градустан ашып төмөндөгөн Суусамыр өрөөнүндө жашоочулар мал, айыл чарбасы менен алектенет. Кышы узакка созулган, жазы кечигип келген жайда жашоодо жаратылыш адамзаттын кайраттуулуугун, сабырдуулугун сынап, эмгекчилдикти талап кылат экен. Биз ага жаштайыбыздан көнүп калганбыз. Мына, бизде 2-3 күндөн бери күндүн көзү көрүнбөй, туман каптап, аздан себелеп кар жаап, калыңдыгы 35-40 сантиметрге жетти. Түндө сууктун күчү — 8, — 10 болсо, учурда күндүн табы + 1, + 2 градус жылуу болууда. Өрөөндө жалпы кардын калыңдыгы болжолдуу 60, 70 сантимердей», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE