Пример HTML-страницы

Шектүүлөр милиционерлер менен атышып, бири каза болду

Акыркы жанылыктар

Turmush18-октябрда саат 22:30 чамасында Кадамжай районунун Көк-Талаа айылында каза болгон ата-баланын өлүмүнө шектелгендер менен милиция кызматкерлеринин ортосунда ок атышуу орун алды. Бул тууралуу Turmush басылмасына бүгүн, 22-октябрда өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, ок атышуу Кадамжай районундагы айылдардын биринде болгон. Кылмышка шектүүлөрдүн бирөөсү ошол жерде каза болуп, экинчиси колго түшкөн. Ок атышуудан 3 милиция кызматкери жаракат алды. Алар Кызыл-Кыя шаарындагы ооруканага жаткырылган.

Ал эми Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, ата менен баланын өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту, 7-пункту жана 16-пункту (эки же андан ашык адамды өзгөчө мыкаачылык менен алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан өлтүрүлүшү) менен кылмыш иш козголгон. Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышты 1994-жылы туулган А. уулу Ф. менен 2003-жылы туулган Б.А. жасагандыгы аныкталган. Алар издерин жашырып качып жүрүшкөн. Бүгүн, 22-октябрда Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынын Сарыбай айылындагы жаңы курулуп жаткан мечиттин чатырынын ичинде 2 жигит ок атуучу курал менен жаткандыгын ошол мечитте иштеп жатышкан усталар көрүп калышып, жакын жашаган жарандарга билдиришкен.

Бул маалыматты тактоо үчүн милиция кызматкерлери тез арада барган. Ошол учурда, белгисиз 2 адам ок атуучу курал менен каршылык көрсөтүп, Сарыбай айылынын үстүндөгү түштүк-чыгыш тоо тарапка качып жөнөшкөн. Аларды кармоо максатында Кадамжай РИИБдин өздүк курамы, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлеринин жана ИИМдин Ош облусу боюнча атайын багыттагы полкунун 3-батальонунун кызматкерлери артынан кууп барышкан. Алар куралдуу каршылык көрсөтпөстөн өз ыктыярлары менен багынып берүү жөнүндө катуу үн чагыруучу (громкоговоритель) жабдык менен эскертүүсүнө карабай, милиция кызматкерлери тарапка ок чыгарып, аткылай баштаганда 3 милиция кызматкери жаракат алышып, Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына жиберилген.

Ал эми кылмышка шектүү А.Б. мыйзамдуу талаптарга баш ийип, багынып, жерге жатып берген. Бирок кылмышка шектүү А.уулу Ф. куралы менен кайрадан милиция кызматкерлери көздөй атып, каршылык көрсөтө баштаган. Милиция кызматкерлери тарабынан биринчи ирет бутуна атылганына карабай куралдуу каршылык көрсөтө бергендиктен, башына ок тийип каза болгон.

Окуя болгон жерге кароо жүргүзүүдө, шектүүлөр өздөрү менен бирге алып жүргөн №F6368 сандуу үстүндө сайлуу («ТОЗ-8») жана сайсыз 28 каллибрдеги кош атар куралы, уктоочу кап (спальный мешок), 2 даана кара түстөгү асынуучу сумкалардын (рюкзак) ичинде жашоого шарт түзүүчү буюмдары менен кийимдер, ок-дарылары жана окту жасоого керектүү шаймандар (порох, дробь, эки түрдүү коргошундар) табылды.

Кылмышка шектүү А.Б. Кадамдай РИИБге жеткирилген. Алдын ала сурамжылоодо жогорудагы кылмыштыы А. уулу Ф. менен бирге жасашканын билдирди. Тергөө амалдары жүрүп жатат.

Окуя тууралуу:

Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы 18-октябрь күнү саат 22:30 чамасында Кадамжайдын Көк-Талаа айылында мерт болгон ата-баланын өлүмүнүн айрым жагдайлары белгилүү болгонун кабарлаган.

Маалыматка караганда, Көк-Талаа айылынын 61 жаштагы тургуну Ш.К. менен анын 29 жаштагы баласы К. уулу Р.ны белгисиз адамдар атып өлтүрүп, 59 жаштагы Ш.М.ди (маркумдун жубайы) уруп, жаракат келтирип, изин жашырып кетишкен. Бул маалымат ошол эле түнү Кадамжай РИИБде катталып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө бир топ жагдайлар такталган. 18-октябрь күнү саат 22:00 чамасында бул үй-бүлө эс алып жаткан учурда алардын үйүнө белгисиз адамдар кирип барган. Алар эс алып жаткан 61 жаштагы Ш.К.ны көкүрөккө жана бетке, баласы К.уулу Р.ны башка атып, 59 жаштагы Ш.М.ди (жубайы) балта менен башка уруп, мал сарайын өрттөп, короодо токтоп турган «Хонда СРВ» үлгүсүндөгү унаасын өрттөөгө аракет кылып, качып кетишкен. Ок тийген Ш.К. менен К. уулу Р. ошол жерде каза болгон. Ал эми жаракат алган кожойке Кадамжай райондук ооруканасына жеткирилген.

Бул окуя Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иш башталды. Каза болгон адамдарга тиешелүү экспертизалар дайындалып, атайын тергөө тобу түзүлүп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

  • Буга чейин кылмышка шектүү катары маркум Ш.К.нын бир тууган агасынын уулу — 1994-жылы туулган А.Ф. изделип жаткандыгы белгилүү болгон.
  • Маркум ата менен бала 19-октябрда түштөн кийин жерге берилди.

Аман калган апанын баяны:

Turmush басылмасына өлтүрүлгөн ата менен баланын окуясы боюнча маркумдун жубайы Максуда Шадиева маалымат берип, үй-бүлөсү эч ким менен чырдашкан эместигин айтып берген.

«Мал издеп чыгып кетишти эле. Кийин келип оокат ичишти. Шам окуду (намаз). Шамдан кийин үйгө кирип кетти (күйөөсү). «Бир алма берчи» деди. Эки алма арчып бердим. Куптанды окуп жатып алдым эле. Көзүм илинип кеткен экен. Ал сыналгы көрүп жаткан. Ошол учурда кара кийимчен адам кирип, тарс этти. Мени балта менен 3 жолу урду.

Буга чейин эч ким менен ызылдашкан эмес элек», — деген ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE