Пример HTML-страницы

Сахаби деп кимдерди айтат?

https://kyrgyzcha.site/?p=40203&preview=true Кыргыз спорт жанылыктары

Сахаби деп кимдерди айтат?

Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссаламды бир жолу болсо да көргөн, сокур болсо сүйлөшкөн аял же эркек адам, бала же балакатка жеткен мусулман «сахаби» деп аталат. Бир канча сахаби «асхабы кирам» же «сахаба» деп аталат. Пайгамбарыбыз жиндердин дагы пайгамбары болгодуктан жиндердин арасында да сахабалар болот.

Пайгамбарлар менен периштелердин улууларынан кийин бүткүл жаратылгандардын ичинде эң улуулары асхабы кирам болуп саналат. Сахабалардын ар бири ушул үммөттүн баарынан жогору. Мухаммед алейхиссаламдын пайгамбар экендигине ишенген ар бир адам, кандай тектен, кайсы элден чыкса да Мухаммед алейхиссаламдын үммөтү деп аталат. Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссаламды мусулман катары билүүдөн артык үстөмдүк болбойт. Ошондуктан, асхабы кирам бардык мусулмандарга жана башка үммөттөргө караганда бийик даражага ээ. Сахабалар тууралуу жазып, сүйлөп жатканда өтө адептүү болууга аракет кылуу керек. Улуу Ислам аалымы Абдуллах ибн Мубарактан «Муавия менен Умар бин Абдулазиз экөөнүн кайсынысы абзал (жакшыраак)?» — деп сурашканда🌙

«Расулуллухтын (саллаллаху алейхи васаллам) жанында бара жаткан Муавиянын (радиаллаху анх) минген атынын мурдуна кирген чаң Умар бин Абдулазизден жүздөгөн эсе кадырлуу», — деп жооп берет. Сахабалар (алейхимуррыдван) – Аллаху тааланын сүйүктүүсүнүн мажилисине катышууга ылайыктуу кылып жаратылган адамдар.

Курани каримде «Али Имран» сүрөсүнүн 110-аятында🌹

«Силер үммөттөрдүн кайырлуусусуңар», — деп айтылган.

«Тообо” сүрөсүнүн 100-аятында🌹

«Биринчи мусулман болгондордун ичинен мухажирлер менен ансарлардан алгач кошулгандарына жана ошолордун жолундагыларга Аллаху таала ыраазы. Аллаху таала алар үчүн Бейиштерди даярдайт. Ал Бейиштердин астында өзөндөр агып турат. Алар Бейиште түбөлүк калышат!» — деп билдирилген.

Пайгамбарыбыз Мухаммед (алейхиссалам) бир хадисинде мындай дейт🌹 «Адамдардын эң жакшылары – менин заманымдагы мусулмандар (б.а., сахабалар). Алардан кийинки жакшылар – аларды көргөндөр (б.а., табииндер). Алардан кийинки жакшылар – аларды көргөндөрдү көргөн адамдар (б.а., таба-табииндер). Алардан кийин келгендердин ичинде жакшы эместер да кездешет». Дагы бир хадисте🌙»Сахабаларым – көктөгү жылдыздар сыяктуу. Каалаган бирөөнү эрчүү аркылуу хидаятка (ыйманга, туура жолго) жетесиңер», — деп айтылган.

Дагы бир хадиси шарифте🌙»Асхабымды сөкпөгүлө. Сахабаларымдан кийин келген каалаган бир адам Ухуд тоосундай алтынды садага кылып берсе, каалаган бир сахабанын бир ууч арпа берип алган сооптун жарымын да алалбайт», — деп билдирилет.

Ал эми, бул хадисте🌙»Мени көргөн жана мени көргөндөрдү көргөн мусулман Тозок отунда күйбөйт», — деп айтылган. Бул аяттар менен хадистер сахабалардын артыкчылыктарын ачык айкын көрсөтүп турат. Акаид китептеринде ар бир сахабанын улуу деп таануу, алардын адилеттүү жана чынчыл экендиктерине ишенүү, аларга тил тийгизбөө, каргабоо, душмандык кылбоо керек экендиги жазылган. Асхабы кирам арасында болгон айрылуулардын жакшы себептерден улам болгондугуна ишенүү кажет. Эч бирин жамандоо жаиз эмес (б.а., жамандоого болбойт). Хадиси шарифте🌙 «Асхабым тууралуу сөз ачылганда оозуңарга сак болгула! Алардын абройлоруна жарашпай турган сөздөрдү оозуңарга албагыла!» — деп айтылган.

Ахли сүннөт аалымдары сахабалардын артыкчылык даражасын үч топко бөлөт🌙

1. Мухажирлер – Мекке шаары алына электен мурда Меккеден же башка жерлерден өз мекендерин, элдерин таштап, Медина шаарына хижрат кылып (көчүп) баргандар. Булар Расулуллахтын жанына ыймандуу келгендер жана келгенден кийин ыйман келтирген мусулмандар🌙

2. Ансарлар – Медина шаарында же ушул шаарга жакын жерлерде жашаган жана Авс менен Хазраж аттуу эки араб уруусунан болгон мусулмандар кирет. Алар Пайгамбар үчүн ар түрдүү көмөк жана курмандыктарга даяр экендиктерине сөз беришкен жана сөздөрүндө турушкан.

3. Калган сахабалар – Мекке шаары алынган кезде жана кийинки мезгилде Меккеде жана башка жерлерде ыйман келтиргендер.

Ашара-и мубашшара – Бейишке кире тургандыктары тууралуу тирүү кезинде эле кабар берилген он сахаба🌹Алар🌙1. Абу Бакр Сыддык. 2. Умар-ул Фарук. 3. Осман Зиннурейн. 4. Али бин Абу Талип. 5. Талха. 6. Зубайр бин Аввам. 7. Абдуррахман бин Авф. 8. Саад бин Абу Ваккас. 9. Саид бин Зейд. 10. Абу Убайда бин Жаррах.

Тирмизиде жана Ибн Мажеде жазылган Саид бин Зейд кабар берген хадиси шарифте🌙»Он киши Бейиште. Абу Бакр, Умар, Осман, Талха, Зубайр, Абдуррахман бин Авф, Али бин Абу Талип, Саад бин Абу Ваккас жана Абу Убайда бин Жаррах», — деп, тогуз адамдын ысымын атайт. Онунчусунун аты суралганда🌹»Абул Авар», — деп өзүн ишарат кылган.

Ушуларды жана жалпы мусулман калкты артыкчылык даражалары боюнча мындай көрсөтүүгө болот🌙

Хулафа-и рашидин, б.а., төрт улуу халифа.

Ашара-и мубашшара.

Бадр согушуна катышкан 313 сахаба.

Худайбияда Расулуллахка сөз берген 1400 сахаба.

Асхабы кирам ( бардык сахабалар).

Мухаммед алейхиссаламдын үммөтү🌙

Башка пайгамбарлардын үммөтү.

860-жылы Анатолиянын Ларенда шаарында кайтыш болгон Алауддин Али Самаркандинин «Бахр-уль-улум» аттуу тафсиринде билдирилген хадистерде мындай жазылган🌹»Үммөтүмдүн эң мээримдүүсү — Абу Бакр (радиаллаху анх)🌹

Динде эң күчтүүсү – Умар🌹

Эң ар-намыстуу, уяттуусу – Осман🌹

Диндин бардык суроосуна жооп бере ала турчу адам – Али🌹

Адал менен харамды эң жакшы билген – Муаз🌹

Курани каримди эң жакшы окуган адам – Эбий бин Кааб🌹

Мунафыктарды, эки жүздүүлөрдү таануучу адам – Хузайфат ибни Йаман🌹 Исанын (алейхиссалам) такыбаасын көргүсү келген адам Абу Зардын такыбаасына карасын!

Бейиш Салман Фарисиге куштар🌹Халид бин Валид – Аллахтын кылычы, Хамза – Аллаху тааланын арстаны🌹

Хасан менен Хусейн – Жаннат жаштарынын эң жакшылары🌹

Жафар бин Аби Талип – Жаннатта периштелер менен бирге учат🌹

Жаннаттын эшигин биринчи ача турган – Билал🌹

Сухайб Руми – эң алгачкы болуп Кавсардын даамын татат🌹

Кыямат күнү периштелер эң алгач Абуддарда менен саламдашат🌹

Ар пайгамбардын бир досу болот🌹Менин досум – Саад бин Муаз🌹

Ар пайгамбардын асхабынын ичинен тандагандары болот. Менин тандагандарым – Талха менен Зубайр🌹

Ар пайгамбардын жакын көмөкчүсү болот. Менин көмөкчүм – Анас бин Малик🌹

Ар үммөттө бир даанышман адам болот. Менин үммөтүмдүн ичинде даанышмандыкты, хикматты көп айткан адам – Абу Хурайра🌹

Хасан бин Сабиттин сөздөрү Аллах тарабынан таасирдүүлүк сыпатка ээ🌹

Абу Талханын согуш майданындагы добушу бир топ аскерден да күчтүү🌹».

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE