Пример HTML-страницы

Россияга кетпей, миллиондогон акчаларды сарптап, кичи мекенинде бизнес түптөгөн Нурсултан Карагулов

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Ичке-Суу айылынын 29 жаштагы тургуну Нурсултан Карагулов аталаш агасы менен биргеликте 1,5 гектар жерге малина отургузду. Быйылкы көчөттөр түшүм берип, килограммын 230 сомдон дүӊ баада сатып, киреше таап жатканын аймактык кабарчыга билдирди.

Нурсултан Карагулов 1993-жылы жарык дүйнөгө келген. 2001-жылы мектептин босогосун аттап, 6-класска чейин Ичке-Суу айылында билим алган. Андан соӊ Х.Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинде билим алган. 2011-жылы Бишкек шаарындагы окуу жайдын транспорттук логистика жана тейлөөнүн технологиялары бөлүмүнө кабыл алынган.

«Мен Ичке-Суу айылында жарык дүйнөгө келгем. Окуу жайды бүткөн соӊ, 2014-жылы Түркияга барып, 1 жылга чукул эмгектенип келдим. 2020-жылы үй-бүлө курдум, учурда 1 кызыбыз бар. Үй-бүлөлүү болгон соӊ акча каражаты көбүрөөк талап кылынат эмеспи. Өз кесибим менен иштеп кетүүгө бегилүү бир себептерден улам мүмкүнчүлүк болбоду. Быйыл кыш мезгилинде Россияга кетүүнү көздөп жаткам. Анан аталаш агам: «Жер иштетип, киреше таппайсыӊбы» деп сунуш киргизди. Ойлонуп көрүп, макул болуп, калып калдым. Ошентип жаз мезгилинде аталаш агам менен 1,5 гектар жердин тегерек-четин коруп, 10 миӊ түп Польшадан алынып келген малинанын «Полана» түрүн отургуздук. Албетте, жалпы чыгымды эсептегенде 1 миллион сомдун тегерегинде акча каражатын сарптадык. Бирибиз жер тилке, экинчибиз автоунаа сатып алабыз деген акчаны дыйканчылыкка сарптап, ишибиз уланып кетти», — деди ал.

Бүгүнкү күндө узундугу 2 метрге чейин жете турган малина түшүм байлап, август айынан тарта жыйым-терим башталганын кошумчалады.

«Элибизде «Эл эмгегин жер жебейт» деген макал бекеринен айтылбаса керек. Жазындагы мээнетибиз акталып, маӊдай акыбыз менен тапкан кирешебиз мен үчүн келечектеги максаттарыма чоӊ демилге болду. Август айынан баштап жыйым-терим башталды. Малинаны күн алыс терип өткөрөбүз. Алгач күн жылуу болгондуктан бир тергенде, 1,5 гектар жерден 100 килограмм малина чогултуп жаттык. Азыр күн сууктап калганына байланыштуу масса андан азайып калды. Ошентсе да кайрадан байлап, кар түшкөнгө чейин түшүм алабыз деген тилекте турабыз. Мени ынандырганы, Россияда жылдап иштеген маянаны өз мекенибизде 1 айда тапсак болот экен. Дегеним, биз короткон чыгашанын 80 пайызы өзүн актап берди. Эӊ негизгиси жаӊы иш баштоодо анын чыгашасын эсептебей, кирешесине көӊүл буруу керек. Азыр бирге муздаткыч керек болууда. Анткени малинаны кыш мезгилге чейин сактап, жазга маал сатканда баасы жакшы чыкчудай», — деди ал.

Польшадан алынып келген көчөттүн жергиликтүү малинадан артыкчылыгы дандуу жана көпкө сакталганында экенин 27 жаштагы Улукбек Асанбеков кошумчалады.

«Ага-ининин балдары малина өстүрүүнү колго алганыбызда жергиликтүү тургундарда кызыгуу жаралды. Айылыбызда үйлөрүндөгү огородго малина өстүргөндөр да бар. Учурда эки күндө бир жолу теребиз. Жумуш абдан кызыктуу жана көӊүлдүү болот. Малинаны артыкчылыгы — чет өлкөлөргө сатууда жолдо муздаткычсыз эле сапатын жоготпой сакталып барат экен. Эзилип, ширеси чыгып кетпейт», — деди ал.

Ал эми Нурсултан Карагуловдун апасы Жылдыз Абдылдаеванын айтымында, малина өстүрүүдө алгач кооптонушкан.

«Биз жакта малина өстүргөндөр дээрлик аз. Быйыл уулум кошуна айылда малина өстүрүүчүлөрдүн кооперативине мүчө болуп, көчөт алып келди. Миллиондогон акчаларды сарптап, айдоо иши оӊой болгон жок. Эӊ алгач уулум өзүн тобокелге салып, иш баштаганда абдан кооптонгом. Анткени ар кандай жаратылыш кырсыгы болуп, мөндүр же сел алып кетсе, кандай болот деген элем. Ошентип колго бирден отоп, күн алыс сугарып, жанынан чыкпай карады. Кудайга шүгүр, түшүм жакшы болду. Ушул эле жерге картошка айдаганда, өзүмүн чыгымын актап, аз гана киреше алып келмек. Андыктан айыл чарбасында суроо-талап көп жана өтүмдүү болгон жашылча, жер-жемиштерди өстүрүүнү сунуштайм», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE