Пример HTML-страницы

Президенттин кайсы ыйгарым укуктуу өкүлү мыкты иштеп жатат? Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы

Акыркы жанылыктар

TurmushУчурда Кыргызстандын аймактарында мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башкалар 2023-жылдын 12 айына карата аткарылган иштер боюнча бир жылдын жыйынтыгын чыгарып жатат. Анда иштеги кемчиликтер белгиленип, айрым жетекчилерге сындар айтылып, тапшырмалар коюлууда. Мындан улам Turmush басылмасы окурмандарды облус жетекчилеринин кимиси өзүнүн кызматтык милдеттерин жоопкерчиликтүү жана так аткарып жатканын аныктоого чакырган.

2024-жылдын 22-январында саат 10:00дө башталган сурамжылоо 25-январда саат 10:00дө аяктайт. Алдын ала добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагазиев Канат Сагынович 3199 / 20.3% добуш алды.

Эскертүү! IT адистер тарабынан күнүнө 3 ирет добуштардын саны жана жасалма добуштар («накрутка») кылдат текшерилип турат. Анын натыйжасында редакция сурамжылоонун жыйынтыгын таза жана так чыгарат.

Turmush — АКИpress маалымат агенттигинин өлкөнүн аймактарындагы окуяларды чагылдырган басылмасы. Бул — карапайым элдин турмушу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгү. Turmush басылмасына мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу аракеттер — социалдык-экономиканын өнүгүшүнө, аймактардын инфраструктурасын жакшыртууга жасалган кадамдар жана башкалар чагылдырылат. Булар — ай сайын чыгып турган жүздөгөн материалдар.

Turmush басылмасы өзүнүн жана окурмандарынын алдына облус башчыларынын ишине баа берүү максатын койгон жок. Алардын эффективдүү ишине президент Садыр Жапаров жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баа берет. Turmush басылмасындагы добуш берүү — окурмандардын, өлкө аймактарындагы жашоочулардын пикири.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE