Пример HTML-страницы

ОшТУда «Мектептерде окутуунун 12 жылдык модели Кыргызстанга эмне берет?» деген темада тегерек стол өткөрүлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushОш технологиялык университетинде табигый-техникалык факультетинин кесипке билим берүүнүн технологиясы кафедрасы тарабынан «Мектептерде окутуунун 12 жылдык модели Кыргызстанга эмне берет?» аттуу тегерек стол гибриддик формада өткөрүлдү.

Аталган иш-чарада Кыргызстандын мектептеринде 12 жылдык билим берүү системасына өткөрүү маселеси талкууланып, Билим жана илим министрлигинин башкы адиси Ольга Александровна бул маселе тууралуу маалымат берди. Ал билим берүү тармагы жалпы эле реформага муктаж экендигин баса белгиледи.

Кыргыз билим берүү академиясынын жетектөөчү илимий кызматкери Мурзаибраимова Бибисара Бекмаматовна 12 жылдык билим берүү моделинин концепциясынын иштелип жаткандыгын жана ал боюнча кеңири маалымат берип, төмөнкүлөрдү белгиледи.

«Баарыңыздарга белгилүү болгондой, Кыргызстандын жалпы билим берүүчү мектептери 12 жылдык билим берүү системасына өтүү алдында турат. Анын максаты, актуалдуулугу, өзгөчөлүктөрү боюнча КР Билим берүү жана илим министринин пресс-коференцияда сүйлөгөн сөзүнөн уктуңуздар. Анда белгиленгендей, 12 жылдык окутууга өтүүдөгү негизги максат — Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын дүйнөлүк билим берүү системалары менен бирдейлештирүү, бирдиктүү системага кошуу, билим сапатын жогорулатуу, ал үчүн мектептерди дүйнөлүк деңгээлдеги окуу китептери менен камсыздоо. Экинчиден, балдарды мектепке чейинки билим берүү уюмдарына тартуунун деңгээлин жогорулатуу.

Учурда жалпы балдардын 26 пайызы гана бала бакчага тартылса, 12 жылдык билим берүүнүн кириши менен 6 жаштагы балдар мектептин 1-классына барышат да, бала бакчаларда орундар көбөйөт. Учурда Кыргыз билим берүү академиясында 12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн концепциясы иштелип жатат. Азыр эле анын долбоору боюнча талкууга катышып чыктым. 12 жылдык билим берүү системасында мурдагы 0-класс деген 1-класс деп аталып, 1-класс — 2-класс деп аталат, дагы ушундай жылышып отуруп, мурдагы 11-класс эми 12-класс болуп калат. Окуучулардын мектепте окуу мезгилинин узактыгы мурдагыдай эле калып, өзгөрбөйт. Бирок, окутуунун баскычтарында жана мазмунунда өзгөрүү болот. Мисалы, башталгыч класс 5 жылдык (1−5 класска чейин) же 6 жылдык (1−6-класска чейин) болушу мүмкүн (бул дагы талкууланып чечилет). Ага ылайык, негизги мектеп мурда беш жылдык болсо, эми төрт же үч жылдык болот. Ал эми жогорку класстар (жогорку мектеп) үч жылдык 10, 11, 12-класс болот. Мында жогорку класста мурдагы 10-11-класстагы окутуунун мазмуну профилидик жана кесиптик багыттарды эске алуу менен үч жылга ылайыкталып, кайра иштелип чыгат», — деди ал.

Т.Саадалов 12 жылдык билим берүү жогорку окуу жайларга жана кесиптик лицейлерге кандай таасир этиши мүмкүн экендиги боюнча үн катты.

«Жогорку класстарда профилдик жана кесиптик билим берүүнү жүзөгө ашырууга кесиптик жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын, лицейлердин ролу чоң. Мисалы, сиздердин кесиптик-техникалык жогорку жана орто окуу жайыңыздарда (кесиптик билим берүүнүн технологиясы кафедрасында) ар бир региондун шартына ылайыктап, ошол жакта жаштар иштеп, тиричилик кылып кете ала тургандай бир нече (айдоочу, чачтарач, электромонтер, темир уста, жыгач уста, тери иштетүү, кийиз жасоонун технологиясы, улуттук тамак-

аштарды жасоонун технологиясы, бал өндүрүүнүн технологиясы) курстардын программаларын иштеп чыксаңыздар болот. Ал курстарды өтүүгө өзүңүздөр аралашсаңыздар да болот. Курстарды онлайн уюштуруп, мезгил-мезгили менен практикалык сабактарды барып же өзүңүздөр иштеген окуу жайларга, лицейлерге чакырып өтүп турсаңыздар болот», — деди ал.

Билим берүү башкармалыктардын өкүлдөрү, мектептердин мугалимдери өз ойлорун айтышып, 12 жылдык билим берүү системасы дүйнөлүк тренд, бул окуу системасы билимдин өнүгүүшүнө жалаң гана оң таасирин тийгизерин белгилешип, ушул өзгөртүүнү колдошту.

Тегерек столдо талкуу абдан кызыктуу өткөрүлүп, бул иш-чарага Билим берүү жана илим министрлигинен Токтошев Г.Ы., Брызгалова О.А., Алымбекова С.Ш., Билим берүү академиясынын жетектөөчү илимий кызматкери Мурзаибраимова Бибисара Бекмаматовна, Казак улуттук кыз-келиндер педагогикалык университетинин доценти Онгарбаева А.Д., Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Кокоев Бектурсун, Кара-Суу билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Ысаков С.Т., ОшТУнун структура башчылары, окутуучулары жана Ош шаарындагы мектептердин мугалимдери катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE