Пример HTML-страницы

Оштогу тургун уулунун үйүнө барган күнү өлтүрүлгөн. Шектүү 2 айга камакка алынды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында өз атасын бычактап өлтүргөн 26 жаштагы шектүү 2 айга камакка алынды. Бул туралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, шектүүнүн баш коргоо чарасы 9-апрелде Ош шаардык соту тарабынан каралды. Ал 2 ай тергөө абагында камакта болот.

Буга чейин Turmush Ош шаарында атасын бычактап өлтүргөн шектүү кармалганын жазган.

Шектүү — 1997-жылы туулган жигит мурда 2 жолу соттолгон. Ал Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Алгачкы тергөө амалдары көрсөткөндөй, 2023-жылдын 7-апрель күнү саат 10:20 чамаларында Ош шаарында убактылуу жашап жаткан Кара-Суу районунун Папан айыл аймагынын тургуну өз атасы менен чырдаша кетип, атасынын көкүрөк тушуна бүктөмө бычагы менен эки ирет сайып жиберген. Анын кесепетинен шектүүнүн атасы — 1967-жылы туулган жаран окуя болгон жерде көз жумган. Кылмыштан кийин маркумдун уулу милицияга өзү кабар берген.

Маркум ошол күнү өзү жашаган Папан айыл аймагынан уулу убактылуу жашап жаткан Ош шаарынын Алымбеков көчөсүндөгү үйүнө келген. Шектүү катары кармалган уулунун берген көрсөтмөсүнө караганда, экөө теӊ мас абалында болушкан.

Аталган кылмыш ишинин алкагында соттук-биологиялык, соттук-наркологиялык жана соттук-психиатриялык экспертизалар дайындалып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE