Пример HTML-страницы

Оштогу мейманканада өлтүрүлгөн кытайлык жарандын сөөгүн өлүкканадан алып кетише элек

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарындагы «Пекин» мейманканасында өлтүрүлгөн кытайлык жарандын сөөгүн алып кетүүгө жакындары келе элек. Бул тууралуу Ош облустук соттук-медициналык эксперттөө бюросунун танатология бөлүмүнүн башчысы Арап Кожобаев билдирди.

Анын айтымында, сөөктүн мейитканада саткалып турганына бүгүн 10 күн болду. Учурда маркумдун сөөгүн өзүнүн мекенине жөнөтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

«8-ноябрь күнү 1978-жылы туулган Д.Ж аттуу кытай жаранынын сөөгүн алып келишкен. Ага бир нече ирет бычак сайылган. Жакындары келген жок», — деди Арап Кожобаев.

Эреже боюнча, 10 күндүн ичинде мейитканада сакталып турган сөөктү жакындары алып кетпесе, сөөктү аталган бюро жарандарды тейлөө борборуна өткөрүп берет. Алар атайын тартип менен жерге беришет.

Арап Кожобаев Ош облустук соттук-медициналык эксперттөө бюросуна жыл башынан бери кытайлык 6 жарандын сөөгү түшкөнүн кошумчалады.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, 2022-жылдын 8-ноябрында саат 10:00 чамасында Ош шаарынын А.Навои кѳчѳсүндѳ жайгашкан «Пекин» мейманканасында Кытай Республикасынын жараны — 1978-жылы туулган Д.Ж. киши колдуу болуп каза болгон. Бул өзгөчө оор кылмышка шектүү катары анын жердеши — Кытай Республикасынын 1980-жылы туулган жараны К.П. кармалды. Ал өзгөчө оор кылмыш жасагандыгын мойнуна алып, кылмышка баруусуна өз ара келишпестиктер себеп болгондугун билдирди. Тактап айтканда, шектүүнүн берген көрсөтмөсүнө ылайык, маркум анын жетекчиси болуп, көп айлык кызмат акысын бербей жүргөн. Бул көрсөтмөлөр тергөө кызматы тарабынан текшерилип жатат.

Адам өлтүрүү фактысы боюнча ыкчам тергѳѳ тобу барып, кароо жүргүзүлүп, маркумга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Окуя боюнча маркумдун жана шектүүнүн жердештери, башка күбөлөр суралган.

8-ноябрда Кытай Эл Республикасынын 1980-жылы туулган жараны К.П. адам өлтүрүүгө шектүү катары кармалып, Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Кийинчерээк шектүү 2 айга камакка алынганы белгилүү болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE