Пример HTML-страницы

Ошто мыйзамсыз сакталган 5 ок атуучу курал алынды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун аймагында коомдук коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыз кылуу максатында 8-июндан 16-июнга чейин «Арсенал» ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган иш-чарага Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнөн жалпы 517 кызматкер катышты. «Арсенал» рейдинин жүрүшүндө Ош облусунун аймагына кирип-чыккан 1191 унаа, 4584 үй, 11 соода-сатык базары, 1 мейманкана жана 2 эс алуучу жай текшерилди. Текшерүүнүн жүрүшүндө 5 даана мыйзамсыз сакталган ок атуучу курал (4 даана сайсыз, 1 даана газ-жараат келтирүүчү) алынып, Ош ОИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Андан тышкары иш-чаранын жүрүшүндө Ош ОИИБде каттоодо турган мергенчиликти сүйүүчү 690 жаран, газ-жараат келтирүүчү куралы бар 93 жаран, белекке курал алган 2 адам текшерилди. Муну менен бирге ок атуучу курал сактаган 5 объекттин кызматтык сайлуу, сайсыз жана газ-жараат келтирүүчү ок атуучу куралдары текшерүүгө алынды.

Алардын ичинен:

— сактоосунда жана пайдалануусунда курал-жарагы бар 2 мекеме;

-1 жеке кайтаруу мекемеси (ЧОП);

— өндүрүш мекемесинде пайдалануучу жардыргыч заттарды сактаган 1 кампа;

— курал-жарак сатуучу 1 атайын дүкөн.

Текшерүү мезгилинде ок атуучу куралды сактоо шарттарын жана кайра каттоо эрежелерин бузгандыгы үчүн 22 жаранга Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстин 133-беренеси (ок атуучу, газ, пневматикалык, ыргытма жана электрдик куралын, же болбосо алардын атуучу ок-даарыларын сактоо жана ташуу эрежелерин бузуу), 134-берене (ок атуучу, газ, пневматикалык, ыргытма жана электрдик куралын каттоо мөөнөтүн бузуу), 135-берене (пневматикалык, ыргытма жана электрдик куралын сатып алуу, сактоо, берүү же сатуу тартибин бузуу) боюнча протоколдор түзүлүп, аларга карата 51000 сом айып салынды.

«3 даана ок атуучу курал жараксыз абалга келгендиги аныкталып, жок кылуу үчүн ички иштер органдарына тапшырылды. 10 жаран чет өлкөгө миграцияга кеткендигине байланыштуу алардын ок атуучу куралдарынын жоголуп же уурдалып кетишине, ошондой эле ар кандай кокустуктар болуп кетүүсүнө бөгөт коюу максатында курал сакталган жериндеги сейф мөөр басылып бекитилди», — деп айтылат маалыматта.

Ош ОИИБ жарандарга эскертет: Ош облусунун аймагында мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана жарылуучу заттарды ички иштер органдарына өз ыктыяры менен тапшырган жарандар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE