Пример HTML-страницы

Ошто милиционерлер көзү азиздер жана дүлөйлөр коомунун ишканасындагы жумушчулардан кабар алды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги көзү азиздер жана дүлөйлөр коомунун «Дыйкан» түштүк үйрөтүү-өндүрүштүк ишканасына барып, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга белек таптышрды.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, башкармалыктын башчысынын орун басары, милициянын полковниги Ашырбек Ахунов ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктарын коргоо, юридикалык жардам көрсөтүү, алардын социалдык абалына жана ден соолугунун жакшы болуусуна ар тараптуу колдоо көрсөтүү, аларга кам көрүү баарынын милдети экенин белгиледи.

Ишкана кездемеден тигилүүчү буюмдарды жана жыгач эмеректерди мамлекеттик буюрутма менен тендерсиз түз келишим аркылуу жасап берет. Ошондой эле кир самын, булгаарыдан бут кийимдер үчүн батектерди даярдашат.

Аталган мекемеде жалпы 28 жумушчу эмгектенсе, алардын 20сы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE