Пример HTML-страницы

Ошто чөнтөкчүлөрдүн тобу кармалды. Арасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү бар

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында чөнтөк уурулук менен алектенген шектүүлөрдүн тобу кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 8-март күнү саат 18:30 чамасында Ош шаарынын 1959-жылы туулган тургуну Т.А. арыз менен кайрылган. Анда ал небереси — 2009-жылы туулган Р.Д. Ош шаарындагы №12 каттамдагы кичи автобуска түшүп, үйгө кетип бара жатканда белгисиз адамдар анын курткасынын чөнтөгүнөн «Tecno Spark 10» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдап кеткендигин билдирген. Анын кесепетинен 11 миң сом зыян келтирилген.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан чөнтөкчү уурулардын тобу — 4 адам кармалды. Баары буга чейин соттолгон. Арасында кылмыштуу топтун мүчөлөрү да бар.

Аталган шектүүлөрдүн катышуусунда жалпы 5 факт аныкталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE