Пример HTML-страницы

ОшМПУдагы студенттерге чет өлкөгө баруудагы эрежелер тууралуу айтып беришти

Акыркы жанылыктар

Turmush5-апрель күнү Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде англис тили адистигинде билим алган студенттер үчүн чет өлкөгө чыгуунун эрежелери жана талаптары боюнча маалыматтык иш-чара өткөрүлдү.

Окуу жайдын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, иш-чара гуманитардык факультеттин факультеттер аралык англис тили кафедрасы тарабынан уюштурулуп, атайын адистер келип, тема боюнча маалымат беришти. Америка боюнча Эрали Төрөгелдиев, Япония тууралуу Жийдегүл Мамашева студенттерди керектүү эрежелер менен тааныштырып, суроолорго жооп беришти.

«АКШ, Германия жана Япония жөнүндө маалыматтар, тил үйрөнүү аны жайылтуу жана чет өлкөдө окууга кеңештер берилди. Ошондой эле катышуучулар аталган өлкөлөрдө билим алуу программалары боюнча да таанышып, чет өлкөдө окуу мүмкүнчүлүгүн колдонуу ой пикирине ээ болушту. Иш-чара студенттердин дүйнө таанымын кеңейтип, өз мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга жана өнүктүрүүгө түрткү берүү максатын көздөйт. Чет өлкөдө окууну самап жүргөнү менен анын эреже-талаптарын билбеген студенттер көп кездешет», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE