Пример HTML-страницы

Ошко Өзбекстандан 50 автобус алынып келди. Алар эки күндүн ичинде каттамга чыгат

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 18-октябрда Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы сатылып алынган 50 автобусту расмий тапшыруу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, шаардык кеңештин депутаттары, автобустардын айдоочулары жана тургундар катышты.

Автобустардын баасы 37 миң долларга бааланат. Ар бири 38 жүргүнчүгө ылайыкташкан. Эки күн ичинде бул автобустар линияга чыгарылат. Ал үчүн шаардын төмөнкү аймактарына 4 жаңы шаардык маршруттук линиялар иштелип чыкты: Жапалак айыл аймагы, Туран жана Амир-Тимур муниципалдык аймактык башкармалыктары.

Автобустардын жол акысы накталай төлөм учурунда 10 сом, накталай эмес электрондук төлөм жүргүзсө 8 сом деп белгиленген.

Ош шаардык мэриясы тарабынан Өзбек-Кыргыз фондунан 7 жылдык мөөнөткө 4 пайыз үстөгү менен 1 млн 850 миң доллар насыя алуу боюнча келишимге кол коюлган. Насыянын 30 пайызын же болбосо 50 млн сомду алдын ала төлөө үчүн акча республикалык бюджеттен алынмак болгон.

«СамАвто» автозаводу автотранспорт — автобус жана жүк ташыган унааларды чыгарат. Завод Самарканд шаарында жайгашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE