Пример HTML-страницы

Ош шаарындагы көпүрөнүн үстүнө мыйзамсыз орнотулган соода түйүндөрүн алуу иштери жүрүүдө

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында мыйзамсыз курулуштарды бузуу боюнча иштер уланууда. Бул тууралуу Ош шаарынын прокуратурасы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунун Мамыров көчөсүндө, тактап айтканда Ош—Ноокат кең көчөсүндөгү кызыл сызыкка эки кабаттуу соода борбору мыйзамсыз курулгандыгы аныкталып, Ош шаарынын мэрине талап келтирилген. Натыйжада аталган соода борбору толугу менен бузулуп, курулуш жүргөн аймак алгачкы абалына келтирилген.

Мындан тышкары Кара-Суу көчөсүндөгү көпүрөнүн үстүнө соода түйүндөрү мыйзамсыз орнотулганы аныкталып, Ош шаарынын мэрине сунуш келтирилген. Азыркы учурда аталган жерди алгачкы абалына келтирүү боюнча Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын мыйзамсыз курулуштарды алып салуу бөлүмү тарабынан иштер улантылып жатат.

«Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан Ош регионалдык шаар курулуш жана архитектура боюнча башкармалыгында мыйзамсыз курулуштар боюнча 2020-жылдан 2022-жылдын 2-кварталына чейинки аралыктагы аткарылган иштерине карата текшерүү учурунда жалпысынан ченемдик укуктук актылардын бузууларды четтетүү жөнүндө 24 сунуш, 38 талап, 1 эскертүү берилип, 12 кылмыш иш козголгон. Келтирилген прокурордук актылардын негизинде 2 346 000 сом мамлекетке өндүрүлүп, 13 кызматкерлер ар түрдү тартиптик жазаларга кириптер болушкан», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE