Пример HTML-страницы

Ош шаарында жүрүп бараткан жеңил унаа өрттөнүп кетти. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында жүрүп бара жаткан «Chevrolet Lacetti» үлгүсүндөгү унаа өрттөнүп кетти. Окуя кечээ, 3-апрелде түндө болгон.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча милициянын кайгуул кызматы тастыктаган маалыматка караганда, айдоочу унаанын электр туташтыргычтарын окуядан бир күн мурун эле текшерткен. Өрт өчүрүү кызматы барганга чейин унаа күйүп кеткен.

Жабыркагандар жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE