Пример HTML-страницы

Ош шаарында студент жигит өмүр менен коштошту

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарындагы колледждин студенти — 17 жаштагы өспүрүм каза болду. Бул тууралуу Turmush басылмасына өздүк булактар билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, өспүрүм 18-октябрь күнү Ош шаарындагы ооруканалардын бирине жеткирилген. Ал күнү достору менен өзү окуган окуу жайда сүйлөшүп отуруп жыгылып түшкөн. Окуянын күбөлөрү студентти жакынкы ооруканага жеткирген. Бирок ал каза болуп калганы аныкталган.

Ал эми Ош ШИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, маркум баланын жакындары арыз-доосу жок экендигин айтып, соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE