Пример HTML-страницы

Ош шаарында милиционер аял асынган абалда табылды. Айрым жагдайлар

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарындагы батирлердин биринде милиция кызматкери — аял киши асынган абалда табылды. Бул тууралуу Turmush басылмасына өздүк булактар билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, ал — Ноокат районунун 1985-жылы туулган тургуну О.А. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүндө милициянын ыйгарым укуктуу өкүлү (аймактык тескөөчү) болуп эмгектенип жаткан.

Анын сөөгү 23-январда түндө өзү жашаган батирден табылган. Жакындары аны менен байланышка чыга албай, ал жашаган үйгө издеп барганда эшигин ачкан эмес. Алар терезеден кирип, О.А.ны асынган абалда табышкан.

Бүгүн, 24-январь күнү маркум акыркы сапарга узатылды.

Ал эми Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бул окуя болгонун тастыктап, кийинчерээк толук маалымат бериле турганын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE