Пример HTML-страницы

Ош облусунун 5 тургуну экстремисттик уюмдун мүчөсү болуудан баш тартты. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун аймагында 2024-жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейин УКМК менен биргеликте ведомстволор аралык «Экстремист» аталышындагы ыкчам иликтөө жана алдын алуу иш-чарасы жүргүзүлдү.

Анда Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат, Араван, Кара-Кулжа, Алай жана Чоң-Алай райондорунда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана дин өкүлдөрүнүн катышуусунда экстремизмдин алдын алуу боюнча жыйындар өттү.

Милиция кызматкерлери УКМК менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам алдын алуу иш-чараларынын натыйжасында Өзгөн районунун тургундары — 1971-жылы туулган Э.К., 1972-жылы туулган С.А., 1976-жылы туулган М.Ш. жана Кара-Суу районунун тургундары — 1969-жылы туулган И.А. 1972-жылы туулган И.И. «Хизб-ут-Тахрир» экстремисттик уюмунун мүчөсү болуудан өз каалоосу менен баш тартышты.

Алар «Хизб-ут-Тахрир» экстремисттик уюмунун ишмердүүлүгү туура эместигин айтып, жарандарды аталган уюмга кошулуудан алыс болууга чакырышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE