Пример HTML-страницы

Ош облусунда жыл аягына чейин пайдаланууга бериле турган мектептердин тизмеси

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун аймагында курулушу 90% пайыз бүткөрүлгөн мектептер жыл аягына чейин пайдаланууга берилиши күтүлүүдө. Бул тууралуу Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Дамир Калыкбердиев билдирди.

Анын айтымында, каржы маселеси чечилген, бирок толук которула элек.

Пайдаланууга бериле турган мектептердин тизмеси:

— Алай районунун Үч-Төбө айыл өкмөтүндөгү Жумабаев орто мектеби. 225 орундуу мектептин курулушу 2015-жылы башталган. Учурда актап-сырдоо, асфальттоо иштери жүрүп жатат. Жалпы баасы — 78 млн 567 миң сом.

— Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл өкмөтүндөгү 70 жылдык орто мектебинин окуу корпусу. Курулушу 2015-жылы башталган, 275 орундуу. Жалпы баасы —62 млн 74 миң сом. Курулушка каржы маселеси толук карала элек. Учурда курулуш иштери жүрүп жатат.

— Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүндөгү Б.Мамыров орто мектеби, 375 орундуу. Курулушу 2015-жылы башталган. Жалпы баасы — 54 млн 355 миң сом.

— Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Коо-Чаты айылындагы Сагындык орто мектеби, 225 орундуу. Курулушу 2019-жылы башталган. Окуу корпусу сентябрь айында пайдаланууга берилип, балдар окуп жатышат. Тендердик баасы — 60 млн 940 миң сом.

— Араван районунун Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн Сары-Таш айылындагы 200 орундуу мектептин окуу корпусу. Курулушу 2015-жылы башталган. Жалпы баасы — 36 млн 175 миң сом.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE