Пример HTML-страницы

Ооруга шыпаа туздуу суусу, 200гө жакын дары чөбү өскөн Түптүн Чар-Кудук жайлоосунда эс алуу үчүн канча акча кетет?

Акыркы жанылыктар

TurmushТүп районунун Каркыра жайлоосунда бээнин сүтүн ичүү сезону башталды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Жайлоодо 200гө жакын түрдүү дары чөптөр өсөт. Анын арасында Кызыл китепке кирген — тоо гүлдөрүнүн ханышасы мамыры (эдельвейс) да бар.

Түп айылынын 36 жаштагы тургуну Назира Сатаева сезон башталганда, үй-бүлөсү менен Каркырадагы Чар-Кудук жайлоосунда барып иштейт.

«Мен Курбу айылында төрөлүп-өскөм, учурда Түп айылында үй-бүлөм менен жашайм. Чар-Кудук жайлоосунда 5 жылдан бери кымыз менен дарылоо кызматын конокторго көрсөтүп келем. Кечээ, 1-июнда ишибизди баштадык. Жайлодо боз үй жана коттеджибиз бар.

Бизге өзбүздүн Кыргызстандан, коңшу Казакстандан, кээде алыскы Араб өлкөлөрүнөн коноктор келип, эс алып, кымыз ичип кетишет. Аны менен катар Алай районунан келгендер да бар.

Кымыз менен дарылоо 7 күндөн 10 күнгө чейин жүрөт. 4 маал кымыз, 3 маал тамак, 4 маал бээнин сүтү жана жатаканасы менен 1 күнгө 1500 сом болот. Көбүнчө Каркыранын ажайып кооз жаратылышын көрүүгө кызыгып келишет. Тоонун боорунда 200гө жакын түрдүү дары чөптөр өсөт. Дал ошол дары чөптөрдү жылкы жеп, анын сүтүн ичкен адамдын ден соолугу чыңалат.

Эң эле пайдалуу сүт — Каркырадагы бээнин сүтү деп айтылат. Анын менен катар бул жерде аябай тузду суу да агат. Бул суу ар кандай ооруларга — жөтөл, ангина, гайморит, экземага шыпаа. Туздуу сууну идишине куюп алып, алыска алып кеткендер да бар», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE