Пример HTML-страницы

Олимпиаданын чемпиону ага алтын медалын белек кылды (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushОор атлетика боюнча дүйнөнүн 4 жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев Кыргызстандын 7 миллионунчу жараны болуп Баткендин Кызыл-Кыя шаарында төрөлгөн Жакшылыкка энчилүү белегин тапшырды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, Каныбек Осмоналиев баштаган спорттун өкүлдөрү Жакшылыктын үй-бүлөсүнөн кабар алды. Ардагер чемпион бөбөккө эл аралык мелдештен алган алтын медалын тапшырды. Каныбек Осмоналиевди коштоп келгендер Улуттук олимпиада комитетинин куттуктоо баракчасын тапшырышты.

  • Каныбек Осмоналиев 1980-жылы Москвада өткөн Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү. Дүйнөнүн 4 жолку жана Еврованын 2 жолку чемпиону.

Буга чейин президент Садыр Жапаров 19-октябрда Кыргызстандын 7 миллионунчу жараны болуп төрөлгөн ымыркайга Жакшылык деген ысым ыйгарган болчу.

  • Turmush басылмасына Кызыл-Кыя шаардык төрөт үйүнүн бөлүм башчысы Гүлнара Кыпчакбаева ымыркайдын салмагы 3 кг 900 гр, бою 54 см болгонун билдирген.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы Жакшылыктын ата-энеси менен маек курган.

Айжаркын Сыражидинованын айтымында, 7 миллионунчу жаранды жарыкка алып келем деп ойлогон эмес.

«Уулумдун 7 миллионунчу болуп төрөлгөнү бизге да жаңылык болду. Бул боюнча укпатырмын деле. Президентибиз мага байланышып, куттуктаганда гана билдим. 1 миллион акча которуптур деп уктум, ыраазычылык билдирем. Уулум кыргыз элинин керегине жараган чыгаан инсандардан болсун.

Бул менин төртүнчү перзентим. 1 уул 2 кызым бар эле, уулума шерик болду. Абдан толкунданып жатабыз. Эң негизгиси кыргыз элибизде тынчылык болсун. Президентибиз кыргыз элинде жакшылыктар гана болсун деп атын Жакшылык койду», — деген ал.

Жакшылыктын 45 жаштагы атасы Валижан Абдрасулов кабарды алгач укканда ишенбегендигин айтып берген.

«Биз мындай болот деп ойлободук эле. Мындайды күтпөдүм эле, чоң рахмат. Балабыз 7-миллионунчу болуп төрөлгөнүнө жакшылыктар болсун. Президентибиз койгон ат жарашат экен. Эли-журтубузда жакшылык болсун, мамлекетибиз өнүгүп өссүн.

Мен үйдө элем, аялым чалып, «ушундай экен, президентибиз чалып, куттуктады» деди эле, биринчи ишенген жокмун. Тамашалап жатабы дегем. Анан «мэрияга бар, чакырып жатыптыр» деди. Толкундануу бар», — деген ал.

Сүйүнчү пул тапшыруу:

19-октябрда Баткендеги Кызыл-Кыя шаарында төрөлгөн Кыргызстандын 7 миллионунчу жаранына бүгүн, 25-октябрда туулгандыгы тууралуу күбөлүк тапшырылган.

Маалыматка караганда, күбөлүк министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов баш болгон жетекчилер тарабынан ыйгарылган. Ымыркайдын ата-энесине белектер берилди. Аны менен катар Жакшылык 16 жашка чыкканда 11 млн сомдой каражат топтолчу депозиттик эсеп ачуу үчүн 1 млн сомдун сертификаты берилген.

  • Министрлер кабинетинин маалыматы боюнча, өлкөнүн 7 облусунан жана Бишкек шаарынан Жакшылык менен бир мезгилде төрөлгөн 8 ымыркайдын ата-энелерине да 200 миң сомдон берилет.

Улуттук статистика комитетинин расмий маалыматы боюнча, 2022-жылдын август айынан баштап Кыргызстандагы калктын саны 2022-жылдагы эл каттоонун жыйынтыктарынын негизинде эсептеле баштады.

«Жүргүзүлгөн эсептөөлөрдүн негизинде үстүбүздөгү жылы Кыргызстандын калкынын саны 7 миллионго жете тургандыгы аныкталган. Улуттук статкомдун баалоосу боюнча, 2022-жылдын 1-августуна карата республиканын туруктуу калкынын саны 6 977 миң адамды, ал эми 2022-жылдын 1-октябрына карата 6 млн 995 миң адамды түзгөн.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген ыкчам маалыматтарды эске алуу менен өлкөнүн 7 миллионунчу жаранынын болжолдуу төрөлө турган күнү 2022-жылдын 20-октябрына чейин болушу керек», — деп билдирген комитет.

  • Кыргызстандын алты миллионунчу жараны Кожошева Айлин 2015-жылдын 25-ноябрында Ош шаарында;
  • беш миллионунчу жараны Курамаев Тынчтыкбек 2002-жылдын 27-августунда;
  • төрт миллионунчу жараны Кайыпова Каныкей 1985-жылдын 27-майында Ош облусунун Кара-Суу районунда төрөлгөн.

«Жети миллионунчу жаран менен алты миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 7 жылды, алты миллионунчу жаран менен беш миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 13 жылды, ал эми беш миллионунчу жаран менен төрт миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 17 жылды түздү», — деп билдирди Улуттук статистикалык комитет.

Кыргызстандын калкынын санынын өсүү графиги:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE