Пример HTML-страницы

Нурбек Абдылдабеков кайниси сунуштаган иш менен алектенип, таластыктарды таң калтырган

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас облусунун Айтматов районуна караштуу Чолпонбай айыл аймагынын Көк-Дөбө айылынын 48 жаштагы тургуну Нурбек Абдылдабеков дыйканчылык менен алектенип, 10 жылдан бери дарбыз өстүрөт.

Нурбек Абдылдабеков үй-бүлөлүү, 5 кыз жана 1 уулу бар. Жубайы дарыгер болуп эмгектенет. Эки кызы жогорку окуу жайды аяктаса, бири студент. Ал эми 3 баласы мектепте окуучу.

Анын айтымында, 2016-жылга чейин суу чарбасында эмгектенген. Суу пайдалануучулар ассоциациясын түзүп, 7-8 жыл жетектеген.

«Кийин ассоциацияны жаштарга өткөрүп бердим. Дарбызды кайнимдин кеңеши менен өстүрүп калдык. Ал Ошто жашап келген, келинчеги Оштон болот. «Таласта деле дарбыз өсөт, тигип көрбөйсүзбү?» дегенинен тобокелге салып тиккенбиз. Ар бир этабында келинчеги экөө келип, көрсөтүп турушту. Алгач бажам экөөбүз шерик болуп тигип көргөнбүз. Элдер угуп алып, абдан таң калган. Күлгөндөр да болгон. Дарбыз бышып, сатып баштаганда ишенишпей, «Оштон же Чүйдөн алып келип алгансыңар, алдабай эле сатпайсыңарбы» дегендер да болгон», — деди ал.

Дыйкан дарбыз салмагына, формасына жана өңүнө жараша бөлүнөрүн кошумчалады.

«Дарбызды кошумча киреше алуу үчүн өстүрөбүз. Дарбыз тиккенге чейин ассоциацияда иштечүмүн.12 гектар жер иштетем. Төө буурчак өстүрчүмүн. Көп жылдык чөптөрдү да тигем, мал багабыз. Помидор да өстүрөбүз, түшүмү Ошко чейин кетет. Кудайга шүгүр, киреше жакшы болуп жатат», — деди ал.

АКИpress’тин кыргыз тилиндеги маалыматтарынын толук архиви (коомдук-саясий жаңылыктар, маданият, кылмыш жана кырсыктар, спорт, ошондой эле аймактардагы маалыматтар)

Бул тариф жеке тараптарга гана тиешелүү. Эгерде материалдарга корпоративдик негизде каттала турган болсоңуз (уюмдар, мамлекеттик мекемелер, ведомстволор жана башка) бизге байланышсаңыз болот. Электрондук дарек: info@akipress.org


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE