Пример HTML-страницы

Нарындын жаратылышы тартылган тасмалар Дубайда көрсөтүлүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусундагы туристтик аймактардын видео-тасмалары Дубайда көрсөтүлүп жатат. Бул тууралуу дубан башчысы Сабыркул Ашимбаев жыйында билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 25-апрелинде облустук мамадминистрациясынын жыйындар залында жыйын өтүп, Нарын облусунда туризмди өнүктүрүүдө аткарылып жаткан иштер менен катар облустун туризм багытында өнүктүрүүнүн стратегиялык планы жана сайты презентация кылынды.

Иш-чарага президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев, Кыргызстан туроператорлор ассоциациясынын башкы директорунун милдетин аткаруучу Нурбек Сапаров, облус аймагында туризм багытында иш алып барган жеке тараптар катышты.

С.Ашимбаевдин айтымында, 2021-жылы облустук туризм ассоциациясы түзүлүп, видео-тасма, сүрөт материалдар даярдалган.

«Туризмди жаатында алсак, көпүрөлөрдүн абалынын начардыгы, дааратканалардын жоктугу башкы көйгөй болууда. Андан сырткары туристтик кызмат көрсөтүүнүн баасы жогору. Бирок стандарттарга туура келбей жатат. Тейлөө сапатын жакшыртуу учурдун талабы.

Туризм багытына өзгөчө көңүл буруу менен катар экологияны сактоону, бул багытта иш алып баргангандардын салыкты төлөөсүн дагы карап жатабыз. Облустук туризм ассоциациясы түзүлүп, логотип, видео-тасмалар тартылды. Буклеттер жасалды. Алгачкы жолу туризм форуму өттү. Туризмди өнүктүрүүнүн 5 жылдык стратегиялык планы иштелип чыкты. Бул видеолор Дубайда көрсөтүлүп жатат. Алдыда ар бир районго 2ден кемпингдерди куруу пландалууда», — деди дубан башчысы.

Нарын облусунда каттоодон өткөн 69 туристтик фирманын 19у гана активдүү иш жүргүзүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE