Пример HTML-страницы

Москва районунда унаа жана турак жай салыктарын төлөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Москва районунда унаа жана турак жай салыктарын төлөө боюнча көзөмөл жүргүзүлүп, тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу райондук салык кызматынан билдирди.

Райондо 12 айыл аймагы бар. Анда 100 миңден ашуун көп улуттуу калк жашайт. Район боюнча 19 миңден ашуун автоунаалар бар.

«Бүгүнкү күндө айыл өкмөттөрүнүн адистери райондук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөчүлөр менен биргеликте унаа ээлерине жана жашоочуларга салык төлөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Негизинен 2023-жылдын 1-сентябрына чейин төмөндөгү салыктар төлөнүшү керек.

— транспорт каражаттарына салык;

— турак жай, батирге салык (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган);

— үй жанындагы, короо жай жанындагы жана башка чарба жер участокторуна болгон салыктар», — деди райондук салык кызматынан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE