Пример HTML-страницы

Москва районунда мамлекеттик туу жана ак калпак күнү белгиленди

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 3-мартта Чүй облусунун Москва районунда мамлекеттик туу жана ак калпак күнү белгиленди. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациянын социалдык өнүгүү секторунун башчысы Махабат Кушчугулова билдирди.

Кош майрам Беловодск айылындагы борбордук аянтта өттү.

«Ушул кош майрамды 100дөн ашык ак калпак кийген мекеме-уюмдардын жетекчилеринин, жергиликтүү тургундардын жана туу көтөргөн райондук аскер бөлүмүнүн кызматкерлеринин катышуусунда өткөрдүк. Райондун жалпы элин мамлекеттик туу жана ак калпак күнү менен акимдин биринчи орун басары Улан Садалиев куттуктады», — деди социалдык өнүгүү секторунун башчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE