Пример HTML-страницы

Миң-Куш айылындагы окуучуларга президенттин атынан 2 кичи автобус берилди

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 8-сентябрда Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы окуучуларга 2 кичи автобус тапшырылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Кичи автобустар президент Садыр Жапаровдун атынан берилди. Бул унаалар кайсы мектептерге берилерин жергиликтүү кеңештин депутаттары жана айыл өкмөтү чечет.

2023-жылдын август айында өлкө башчысы Миң-Куш айылына жумушчу сапары менен барган. 1-августта Миң-Куш айылында «Туюк-Суу» калдык сактоочу жайын рекультивациялоо иштери башталды.

Миң-Кушта төрт калдык сактоочу жай бар. Алар: «Талды-Булак», «Туюк-Суу», «Как» жана «Дальнее».

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE