Пример HTML-страницы

Манас районунда бир айлык жарыяланды

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас облусунун Манас районунда «Зомбулукка каршы» аталышындагы бир айлыкта жашоочуларга түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында 2023-жылдын 5-октябрынан 5-ноябрына чейин «Зомбулукка каршы» аттуу бир айлык жарыяланган. Кечээ, 13-октябрда Май айыл аймагында Манас райондук мамлекеттик администрациясынын жана райондук ички иштер бөлүмүнүн уюштуруусунда иш-чара өткөрүлдү.

Жыйынга тиешелүү жетекчилер, райондук ички иштер бөлүмүнүн, эмгек, социалдык камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери, айылдык кеңештин депутаттары, аксакалдар соту, аялдар, жаштар кеңешинин мүчөлөрү, мугалимдер, окуучулар, Талас облустук сот департаментинин өкүлдөрү жана райондук сот аткаруучу катышты. Анын жүрүшүндө үй-бүлөлүк жана балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча кеңири баяндамалар берилди. Маалымат менен биргеликте атайын даярдалган видеороликтер көрсөтүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE