Пример HTML-страницы

Махаматали Темиров 6 км жерден электр тогун тартып келип, 22 гектар аянтты бакка айлантып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushКадамжай районунун Алга айылынын тургуну, жеке ишкер Махаматали Темиров 22 гектар аянтка мөмөлүү дарактардын көчөттөрүн отургузууда.

Өзүнүн айтымында, Түркиядан 5 миңден ашуун өрүк, шабдалы, гилас көчөттөрүн алдырып, учурда алардын 80% отургузган.

«Бул көчөттөр Түркиядан алынып келинди. Карлик көчөттөр 3-4 жылда мөмө бере баштайт. Шабдалы 3 жылда, гилас 5 жылда, өрүк 3-4 жылда мөмө байлайт.

Өзүм жаштыгымдан эле дыйканчылык менен алектенип келем. Дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Буга чейин күнөскана иштетип, лимон, помидор жашылча жемиштерди өстүрүп келгем. Азыр эми 22 гектар аянтка бак тигип, 6 км алыстыктан электр энергиясын тартып келдим. Документ иштери кыйын экен. Документке 500 миң сомдой акча кетип калды. Мамлекеттен насыяга акча алдым. Алар да дыйкан чарбалыкка эмес, мал чарбачылыкка берди эле. Анан Россиядан 18 бука алдырдым өткөн жылы. Ар бирин 70 миң сомдон алдым. Азыр эми сатсам, чыгашаны жабат деп үмүттөнүп жатам. Анан акча жетишпегенинен үйүмдү да саттым. Азыр эми дыйканчылыкка деп пайызы менен дагы 1 млн сом насыя алып жатам», — деди ал.

Багбан бул чоң аянттагы жерди өздөштүрүү үчүн 6 км аралыкка электр энергиясын тартып келген. 80 метр тереңдиктен суу чыгарган. 1700 куб суу кампасын куруп жатат. Алдыда жерди тамчылатып сугарууга өткөрүүнү пландоодо. Ал үчүн дагы 15 миң доллар акча керектелет.

Ишкер буга чейин 18 сотых аянтка күнөскана куруп, кулпунай өстүрүп жатат. Мындан улам айыл өкмөт тарабынан 1,5 гектар жер аянтын күнөскана үчүн ажыратылып берилип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE