Пример HTML-страницы

Маданият кызматкери Саламат уйгур улутундагы тургундун тоюн эч унутпайт

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын шаардык маданият бөлүмүндө маданият үйүнүн башчысы болуп эмгектенген Саламат Токтосун уулу ырдап да келет. Учурда анын репертуарында 9 чыгарма, 2 клип бар.

Келинчеги Гүлназ Нарын шаарында медайым болуп иштейт. Экөө 1 уул, 1 кызды тарбиялап жатышат. Өзү 1993-жылы Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Лахол айылында туулган.

«Атам менен Апам чогуу иштешти. Атам зоотехник. Айылда Саламат деген медик бар экен. Ошол адам мени төрөтүп, атымды ошол адамдын атынан коюшуптур.1991-жылы Казан-Куйган айылына келдик. Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебин аяктадым. Бала кезимден эле ырга жакын болчумун. Мектептен чыккандан үйгө жеткиче ырдап барчумун. Ошонун баары маданият тармагында иштеп калуума таасир берди деп ойлойм. Окууну аяктагандан кийин шаарга барып, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине математика бөлүмүнө тапшырып, андан сырткары Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясына барып, музыка боюнча сабак алдым. Кийин Нарынга келип, социалдык коргоо бөлүмүндө иштедим. 2019-жылы Нарын шаардык маданият бөлүмүнө клуб башчы болуп бардым. Ошондон бери ушул жерде иштеп келе жатам», — деди ал.

Саламат Токтосун уулу тойлорго чыгып, тамадалык дагы кылат. Ал жакшылыктардагы эсте калган окуяларынан айтып берди.

«Бир жылдары кыз узатуу тоюна тамада болуп барып калдык. Ал үйдүн ээси уйгур улутундагы Юрий деген байке эле. Ошол байкенин тою азыркыга чейин эсимден эч эле кетпейт. Уйгурларда кызды таң атып, күн чыгып келе жатканда узатат экен .Кызыктын баары ошол жерден башталды. Кызды үйдөн атасы менен алып чыгам деп күлкүгө калдым. Чарчагандыктанбы, эмне болду билбейм. “Анда эмесе эки жакка тизилип бериңиздер. Кызды алып чыгып беребиз. Юрий кудагый кызды алып чыгат” деп айтып алдым. Элдин баары күлдү. “Тамада сен эмне болсо дагы күлдүрөт экенсиң” дешти. Ошол байкени азыр деле көрүп калам. Кыргызча сүйлөйт, кыргыздын анча-мынча салтын кармайт экен. Мисалы, беш бармак менен конок тосушту», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE