Пример HTML-страницы

Лагерде альпинист Вячеслав Шейко шериги менен жан берди

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 28-августта Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Ленин чокусундагы лагерде 2 адам каза болду. Алардын бири белгилүү альпинист Вячеслав Шейко экенин Turmush басылмасына өздүк булактар билдирди.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 28-августунда саат 20:55 чамасында Кашка-Суу айыл аймагынын Ачык-Таш участкасында жайгашкан Ленин чокусунун деңиз деңгээлинен 6100 метр бийиктигинде Россия Федерациясынын (москва) 1984-жылы туулган жараны Веселовский Георгий Викторович жана Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын тургуну — 1981-жылы туулган Вячеслав Шейко Вячеславович каза болгон.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы аталган чокуда 2 адам каза болгонун тастыктады.

Маалыматка караганда, 28-августта Чоң-Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө кабар келип түшкөн. Бул маалымат Чоң-Алай РИИБдин электрондук журналына катталып, тергөө иштери башталган. Учурда Чоң-Алай РИИБдин ыкчам тергөө тобу тарабынан жансыз денелерди чокудан алып түшүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Алар газга ууланып же тоңуп каза болгону болжолдонууда.

—————————————————————-

Вячеслав Шейко — «Славка Тополь» каймана аты менен белгилүү альпинист. Ал Оштогу Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл аймагындагы Ленин чокусунун этегиндеги лагерде чокуга чыккан альпинисттерди тосуп иштечү.

Ал 2019-жылы «Lenin Peak Sky Marathon 2019» жарышына (Ленин чокусунда 7134 метр бийиктиктеги финиш) катышкан. Жалпы 14 адам катышса, алардын ичинен үчөө кыз болгон. Ленин чокусуна чейин 7 катышуучу жеткен.

Вячеслав Шейко (Слава Тополь) финишке үчүнчү (7 саат 4 мүнөт) болуп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE