Пример HTML-страницы

Кызыл-Кыя шаарында мыйзамсыз курулуштар буздурулуп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushКызыл-Кыя шаарында 79 мыйзамсыз курулуш аныкталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, шаар бийлиги тарабынан атайын комиссия түзүлүп, мыйзамсыз объектилер буздурулуп жатат. Шаарда жерлерди ѳз билдемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу боюнча 79 факты аныкталып, 21 объекттин кожоюндарына эскертүүлөр берилип, бүгүнкү күндө соттун карамагында турат. 11 объекттин ээлерине айып пул салынды. Мыйзамсыз курулуш куруп алган 18 адам өз ыктыяры менен курулмаларын бузуп, жерди баштапкы калыбына келтирилди. Ал эми калган 29 объекттин ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Аталган 29 обътект ичинде өз ыктыяры менен бузуп алуудан баш тарткан 16 объекттин ээсине Кызыл-Кыя шаардык сотуна 29-мартта арыз берилди.

3-апрелден тарта мыйзамсыз курулушун бузуп алууга мүмкүнчүлүгү жок адамдардын 8 курулушу буздурулду. Аларга буга чейин чейин бир нече ирет эскертүүлөр берилген. Эскертүүнүн негизинде муниципалдык менчикте турган жер тилкелери баштапкы калыбына келтирилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE