Пример HTML-страницы

Кыз калыңы кымбат делген Таластагы кудалар салтка өзгөртүү киргизишти

Акыркы жанылыктар

Turmush«Таласта кыз калыңы кымбат» дегени менен кызга калың албай, сеп бербей, эки жашты үйлөндүргөн ата-энелер да бар. Алардын бири — Бакай-Ата районунун тургуну Шайбү Аныракаева. Ал жакында эле небере кызын турмушка узатты. Алар кудалары менен сүйлөшкөндө калың менен септи жокко чыгарышкан.

«Биз алгач куда тарап менен таанышып сүйлөшкөндө, калың жок, сеп жок деп сүйлөштүк. Бирок, ачуу басарын алып келебиз деди. Биз дагы кызыбызга төшөк, идиш-аяк, сандык, мебель даярдадык. Кызды үйдөн эртең менен алып кетишти. Ачуу басарга 150 миң сом беришти. Биз кызыбызга торпок энчиледик. Кайра эле ошол күнү үлпөт тою өттү», — деди апа.

Талас шаарынын тургуну Мырзабүбү Шүгүралиева: «Жакында эле биринчи небере кызымды узаттым. Талас шаарына келин болду. Калың албайбыз, сеп бербейбиз деп сүйлөшкөнбүз. Эки сыйра төшөк, идиш-аяк, кир жуугуч машина, мебель, муздаткыч, чаң соргуч даярдадык. Кийит жок дегенбиз, кайра эле бири-бирибизге жоолук салып, чапан жаап жаттык. Кудалар ачуу басарга 110 миң сом, ата акысы деп кыл куйрук, эне акысы деп торпок берди», — деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE