Пример HTML-страницы

Кыргыз үй-бүлөдө чоңойгон Филип Россиядагы бардык мүлкүн сатып, Кыргызстанга кайтууну көздөп жатат

Акыркы жанылыктар

Turmush«Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Өзгөн районунун 32 жаштагы тургуну Филип Савин. Учурда ал Россиянын Волгоград облусундагы Руднянский районунда жашайт. Turmsuh басылмасынын кабарчысы аны менен маек курду.

«Мен Өзгөн районунда төрөлүп-өскөм. Анда көбүнчө өзбек улутундагылар жашачу. Мындан улам мен өзбек тилинде абдан жакшы сүйлөчүмүн.

Тилекке каршы, 8 жашымда апамдын көзү өтүп кетти. Атам кандайдыр бир кылмышка шектелип, камалып кетти. Апам эмнеден улам каза болгону так эсимде жок, кичинекей болчумун. Жалгыз уул элем. Көп өтпөй мени кыргыз үй-бүлө 10 баласына кошуп багып алды. Мени багып чоңойткон апамдын аты Үрүмкан. Ал Алай районунан болот. Азыр андан кабар алып, катташып турам. Ал мени бутка тургузуп, адам катарына кошкон инсан, аябай ыраазымын. Эл катары мал багып, жардам берчүмүн. Өзүнүн баласындай көрүп, мээрим төгүп, эч нерседен кем кылбай чоңойтту.

Кыргыз үй-бүлөдө атымды эч ким өзгөрткөн эмес. Ислам динин кабыл алгам. Мечиттен азан айтып, Умар деген ысым ыйгарышкан», — деди ал.

Каарманыбыз эсте калган окуяларынан айтып берди жана келечекке койгон ой-максаттары менен бөлүштү.

«Учурда Волгоград шаарындагы наабайканада иштейм. Менин кыргызча сүйлөгөнүмө таң калгандар көп. Метродо дос баламды күтүп турган кезде кыргыз жигит жаныма келип, “здравствуйте, у вас есть зажигалка?” деп сурады. “Менде ширеңке бар” деп жооп бердим. Мени кечке карап туруп, тамекисин тамызып алып, ширеңкени колума карматып, “спасибо” деп ары басып кетти. Анан кайра келип, “байке, сиз биздин тилде сүйлөп жатасызбы?” дегенде, мен тамашалап, “извините, я вас не понимаю” деп жооп бергем.

Бош убактымда Кыргызстанда жүргөндөй эле кой багуу менен алекмин. Келечекке койгон максатым — Россиядагы үй, мүлкүмдүн баарын сатып, бала-чакам менен кичи мекеним Кыргызстанга кайтуу. Ал жактан үй сатып алып, эл катары жашагым келет», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE